• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Мартта бишкектиктер беш бармак менен чучукка тойот

20 Бирдин айы 2018 12:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.02. 2018. Govori.TV
Бишкекте 5-март-Ак калпак күнүнө карата Бишкек шаарында 1 тонна беш бармак жасалып, 100 метрлик чучук даярдалат. Бул тууралуу Govori.TV  порталына иш-чаранын уюштуруучусу, коомдук активист Элнура Кулуева айтты.

Ал билдиргендей, бул күндү майрамдоо боюнча өкмөттүн атайын токтому кабыл алынгандыктан, улуттук майрам катары татыктуу майрамдоого мекенчил инсандар көмөк көрсөтүүдө. «5-март — Ак калпак күнүн коомчулук менен бирге майрамдап, борборубузда парад уюштурууну көздөп жатабыз. Быйыл, майрамды өзгөчө кылабыз, майрамдын урматына кыргыздын улуттук тамагы болгон беш бармактан 1 тонна даярдалып,  100 метрлик чучук жасаганы жатабыз. Бул иш-чаранын максаты, улуттук баалуулуктарды даңазалоо. Ошону менен бирге эле башка улуттар сыяктуу улуттук өзгөчөлүгөбүздү дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине киргизүүгө аракеттерди кылалы дедик», — дейт Элнура Кулуева
Эске сала кетсек, ал мүчө болгон “Кыргыз тилектештиги” кому буга чейин да улуттук кийимдерди даңазалоо боюнча иш-чараларды уюштуруп, коомчулуктун колдоосуна ээ болуп келет.
Количество просмотров: 26