• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

«Мас абалда инспектордун колун тиштеген». Ошто 21 жаштагы келин кармалды

6 Бугу 2022 16:59 Бишкек Govori.TV

Ошто 21 жаштагы келин мас абалында патрулдук милициянын инспекторунун колун тиштеп алды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милициянын кайгуул кызматынын кенже сержанты Э.Дубашевге 5-май күнү саат 11:00 чамасында Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен Дэу Матиз үлгүсүндөгү такси айдоочусу келип, унаанын ичиндеги 1 жаштагы баласы бар жүргүнчү келинди түшүрүп берүүнү өтүнгөн. Э.Дубашев жүргүнчүнү түшүрүүгө аракет кылганда ал мас абалында болгон. Ал эшиктерди тээп, унаанын терезесин сындырган. Кайгуул кызматкердин көкүрөгүндөгү камераны жулуп алып, сол колун тиштеген.

Аталган факты Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүндө сотко чейинки өндүрүш катары катталган.

«Жазык процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде шектүү катары Т. кызы.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бир жаштагы баласы Ош шаарындагы жаш балдарды кабыл алуу бөлүмүнө өткөрүп берилди», — деп жазылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 369