Мас абалында унаа айдаган түрк атташеси боюнча Кыргызтандагы Түркиянын элчилигине нота жиберилди
Мас абалында унаа айдаган түрк атташеси боюнча Кыргызтандагы Түркиянын элчилигине нота жиберилди
17 Аяк оона 2018 15:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.
Мас абалында унаа айдаган түрк атташеси боюнча Түркиянын элчилигине нота жиберилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протоколдор департаментинен билдиришти.
«Окуя кайра кайталанбашы үчүн, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине нота жиберилди. Элчиликтин кызматкерин чакырып алуу бул Түркия мамлекетинин ички маселеси», — деп билдирген Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протоколдор департаментинен жетекчиси Рустам Кошонов.
Эске салсак, 12-сентябрда Түркия элчилигинин кызматкери Каражан Эркан мас абалында унаа башкарып бара жатканда, тартип сакчылары тарабынан токтотулган.