Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова ЖКККББнын айып салып, токтом түзгөн инспекторго сотко чакыруу келди. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, жаңы жылдан кийин ЖКККББнын кызматкерлери жол кырсыкка шектүү катары судья Элмира Сулайманованын унаасын токтоткон. Анда судья Сулайманова мас абалда экени аныкталып, бирок өзү рулда отурганын мойнуна алган эмес. Документтери үйдө экенин айткан судья инспекторго үйгө чогуу барууну сунуштаган.
Бүгүн 20-январда Сулайманова иштеген шаардык сотто анын даттануусу каралат.
«Жалал-Абад шаардык соту Сулайманованын даттануусун карайт, ЖКККББнын жетекчисин жана токтоткон инспекторду сотко катышуусун милдеттендирип жатат»,- деп жазылат маалыматта.