• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Мас абалындагы 10 жашар бала ооруканага жаткырылды

23 Үчтүн айы 2020 16:08 Бишкек Govori.TV

Саратовдо 10 жашар бала катуу мас абалында ооруканага жаткырылды. Аны темир жолдо жаткан жеринен жолдо өтүп бара жаткандар көрүп калган. Жолоочулар баланы ордунан тургузуп өздөрүнүн унасына салып, медицина кызматын жардамга чакырышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча 2009-жылы туулган бала катуу мас болуп калган.

Ал эми 10 жаштагы баланын апасынын айтымында, саат 15:00дөр чамасында уулу муз тебип келем деп суранып кеткен. Саат 20:00дөрдө ага ооруканадан чалып, баласы мас абалда жатканы кабарланган.

Ал эми саламаттык сактоо министрлигинин аймактык өкүлү баланын белгисиз затка ууланганын билдирди.

Булак: Элдик медия

Количество просмотров: 184