• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мас айдоочуга чара көргөн эмес. Ошто жол тескөөчү кармалды

25 Теке 202515:13 Бишкек Govori.TV

 Ош шаарында кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Ош ШИИБдин инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

«Милициянын прапорщиги К.Т.К. 5-июль күнү рейд учурунда «Chevrolet Spark» үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Унаанын айдоочусу мас абалда болчу, анын айдоочулук күбөлүгү  жана транспорттук каражаттын техникалык паспорту да жок эле. Буга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн 1 жылга ажыратылган. Бул мыйзам бузууларга карабастан К.Т.К. наркологияга мас айдоочунун ордуна унаа жүргүнчүсүнүн өздүк маалыматтарын жөнөткөн. Мындан улам экспертизанын жыйынтыгында чыныгы мыйзам бузган айдоочу жоопкерчиликтен бошотулган.  Мындан тышкары тиешелүү протоколдорду түзбөстөн, унааны айдоочуга өткөрүп берген. 23-июль күнү өздүк курамды эртең мененки бөлүштүрүүнүн жүрүшүндө К.Т.К. тергөө иштерин жүргүзүү үчүн чакырылып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 253