Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Азамат Арапбаев (КСДП) көп жерлерде жол белгилер жок экенин билдирди.
Депутат Ички иштер министрлигине муну сын катары кабыл албоону айтып, жол белгилери каражаттын жоктугунан коюлбай жатканын божомолдоду. Анын айтымында, бюджет тартыш болгондуктан чоң жолдордо 1-2 эле чакырым жол асфальтталып, жол белгилер да коюлбай калат. Ошондой эле А.Арапбаев жол белгилер жок болсо, тескөөчүлөр айдоочулардан кантип эреже сактоону талап кыларын сурады.
«Экинчи маселе, бизде автоунааны мас абалда айдагандарга жаза акча канча?», — деди депутат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов мас абалда унаа башкарган айдоочуларга Бузуулар кодекси боюнча 17,5 миң сом айып пул салынарын билдирди. Саркулов буга чейин мас абалда унаа башкаргандарды айдоочулук укуктан ажыруу беренеси бар болгонун, ал эми азыркы мыйзамда жок экенин айтты.
«Азыр базар экономикасы. Кээ бир жарандарга 17 миң сом 17 тыйындай эле көрүнүп калат. Ошондуктан урматтуу өкмөттүн өкүлү, кыска убакытта эң аз дегенде айып пулду 10 эсеге көтөрүп, алып келиңиздер, парламент колдоп берсин», — деген депутат мас айдоочу өзүнө эле эмес, башкаларга да зыян келтире турганын белгиледи.