• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Мас болуп уктап калган. Түндө көчөдөн табылган наристенин апасы кармалды

20 Үчтүн айы 202017:09 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында көчөдөн табылган 2 жаштагы кыздын апасы кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБ билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы аял бүгүн кармалган.

«Тергөө учурунда кыздын апасы 30-декабрда ичип алгандыктан, мас болуп Ош филармониясынын жанында уктап калган. Ал эми ымыркай белгисиз тарапка кетип калганын айтып берген», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Ош ШИИБ 2 жаштагы кыз 29-декабрь күнү Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан түнкү саат 1:30 чамасында табылганын билдирген. Аны Ош шаардык тез жардам кызматынын кызматкерлери таап, милицияга кабарлашкан.

Количество просмотров: 41