• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мас чиновник айымдын айынан Сеул—Алматы каттамындагы учак тоскоолдукка учурады.

22 Аяк оона 2018 15:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.09.2018. Govori.TV

Сеул—Алматы каттамындагы учактын жүргүнчүлөрү Кыргызстандын министрликтеринин биринин жогорку кызматында иштеген мас аялдын айынан учпай калышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн баракчасына жазды.

«Сеул—Алматы каттамындагы учактын бардык жүргүнчүлөрүн биздин министрликтердин биринин жогорку кызматында иштеген, катуу мас абалдагы бир адамды 1,5 саат чыгара албай коюшкандыктан улам учурбай коюшту. Жазгым келген эмес, бирок азыр бизге бүгүн такыр учпай калышыбыз мүмкүн экендигин айтышты. Транзиттик каттам аркылуу учуп жаткан канча жүргүнчү бар, жалаң чет элдиктер… Шерменде!», — деп жазган  Исмаилова.

Количество просмотров: 29