• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Мас-рестлинг боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өтөт

13 Жалган куран 202417:55 Бишкек Govori.TV

Борбор калаадагы “Газпром балдар үчүн” спорттук-эс алуу комплексинде 14-15-март күндөрү Мас-рестлинг боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мелдештер эркектер арасында төмөнкү салмак категориялары боюнча өткөрүлөт: 60 кг чейин, 65 кг чейин, 70 кг чейин, 75 кг чейин, 80 кг, 90 кг чейин, 105 кг чейин, 105 кг жогору; аялдар арасында: 55 кг чейин, 65 кг чейин, 75 кг чейин, 85 кг чейин, 85 кг жогору.

Мелдешке 17 жаштан жогорку спортчулар катышат.

Чемпионат мас-рестлингди жайылтуу жана өнүктүрүү, Бишкек шаарынын курама командасын түзүү жана Кыргыз Республикасынын чемпионатына катышуу үчүн эң күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, иш-чаранын уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы КР Мас-рестлинг федерациясы менен биргеликте.

Количество просмотров: 78