• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Масалиев: Аэропортторду иштете албаган Өкмөт отставкага кетсин

30 Үчтүн айы 2020 18:15 Бишкек Govori.TV

Аэропортторду иштете албаган Өкмөт отставкага кетсин. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

«Эгерде биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын аэропортторун иштете албайбыз деген болсо, кызмат ордун тапшырып кетсин. Ошону бирге Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондун жетекчиси отставкага кетиши керек. Анткени алар өкмөттүн чечими менен мыйзамдын негизинде ушул кызматка дайындалган. Аэропорт коопсуздуктун борбору жана стратегиялык мекеме андыктан тышкы башкарууга бергенибиз туура эмес»,-деди эл өкүлү.

Эске салсак, 27-январда өкмөт жыйынында биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын аэропортторун, анын ичинде «Ош» жана «Манас» ири аба майдандарын тышкы башкарууга өткөрүп берүү пландалып жатканын айткан. Ал декабрь айында аталган аэропортторду тышкы башкарууга берүү долбоорунун даярдык иши аяктаганын, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында бериле турганын кошумчалаган.

Количество просмотров: 2024