Атамбаев сотко барбаса, колунан жетелеп алып келиш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди. Анын айтымында, Атамбаев азыр ишеним көрсөтпөй жаткан сотторду убагында өзү даярдаган.
Сотко баруу милдет. Барбайм деген жаман адат болуп калды. Камак деген үй эмес да. Сотко барып фактыларды көрсөтүп, актыгын далилдеп берсин. Калыстык үчүн айтып коюш керек Атамбаев соттордун баардыгын өзү президент болуп турган учурда дайындаган. Сотко ишенбейм дегени түшүнүксүз,-деди депутат Масалиев.