• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Масалиев: Атамбаевди текшериш керек

1 Теке 201914:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.07.2019.Govori.TV.

«Бул тууралуу окуяны баяндагым келген эмес эле, бирок досторум өз оюмду билдирүүнү суранышты. Мыйзам баардыгына бирдей. Анан мен күч органдарына ишенбейм жана ошондуктан аларга баш ийбейм деген туура эмес». Мындай пикирин ЖК депутаты Исхак Масалиев өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

«Сот реформасын АША өзү өткөргөн жана бул тууралуу көп эле айтып жүрөт. Сотторду да өзү дайындаган. Атамбаевдин аппаратынын катыштыгы менен бул тармактагы бир катар мыйзамдар кабыл алынган. Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыраткан парламент анын көзөмөлү астынта түзүлгөн. Ал эми өзүнүн партиясы ал үчүн күрөшпөсө, анан кимде күнөө?

Ал эми күч органдарын курал менен атам деп коркутканы бул мыйзамга баш ийбегендик. Бул тууралуу мага сөз кылган абдан жагымсыз жана мен доктур эмесмин, бирок Атамбаевди алгач текшерүү керек. Балким эч кимди жоопкерчиликке тартуунун кереги жок болуп калат»,-деп жазган Масалиев.

Эл өкүлү Атамбаевде шайлоодон кийин өтө олутту өзгөрүү байкалганын айтып, «ал жакшы көргөн оюнчугу-такты тарттырып ийгенин»,-кошумчалаган.

Количество просмотров: 19