• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Масалиев: Байсаловду кызматтан кубалаш керек

22 Кулжа 2022 15:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешти «гестапо» менен салыштырган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан кетириш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, саясат таануучу Марат Казакпаев менен «Айыл банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын тергөө абагында каза табуусун иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын курамына көз карандысыз эксперттерди кошуу керек болчу.

«Саясат таануучу Марат Казакпаевдин жана «Айыл Банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтөө үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген Эдил Байсалов жалгыз гана президентке маалымат беребиз деди. Демек, президент толугу менен жоопкерчиликти мойнуна алып жатат да. Бул өтө өкүнүчтүү нерсе, мындайга жеткирбеш керек болчу. Казакпаеге “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен иш козголгон. Бирок ал мамлекеттик кызматкер эмес болчу. Ошондуктан суроолор көп, жоопту алыш кыйын. Резонанстуу окуя болгондон кийин түзүлгөн комиссиянын курамына көз карандысыз эксперттерди кошуш керек болчу. Байсалов Жогорку Кеңешти «гестапо» менен салыштырып жатса каяктан комиссия чыгат? Ошол сөзү үчүн кызматтан кетириш керек»,-деди Масалиев.

Белгилей кетсек, саясат талдоочу Марат Казакпаев УКМКнын тергөө абагынан эс-учун жоготуп, 10-июнь күнү ооруканада көз жумса, банкир Бакыт Асанбаевдин өзүнө кол салганы айтылган. 

Количество просмотров: 4445