• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Масалиев: Бийликке жакпаган ЖМКларды ордуна койгон аракет байкалып жатат

9 Жалган куран 2022 15:07 Бишкек Govori.TV

Акыркы учурда бийликке жакпаган ЖМКларды ордуна койгон аракет байкалып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

«Мындай жагдайда биринчи түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсө туура болмок. Ал эми чөнтөгүнө белгисиз зат салып, компьютердик жабдыктарын көтөрүп кетүү корккондуктун белгиси. Ошол эле учурда «айрым массалык маалымат каражаттары аша чаап, текшерилбеген маалымат таратты» деген кээ бир пикирлерге кошулам. Буга жеткирбестен бийлик мамлекеттин так позициясы тууралуу маалыматты тез-тезден берип турганы маанилүү. Мамлекеттин маалымат боюнча саясаты бир аз четте калып жатат. Бийликке жакпаган ЖМКларды ордуна койгон аракет ачык эле байкалууда. Ошол эле Next TV каналы жана башка басылмалар ар кандай жол менен кысымга алынууда. Турмушта деле аргумент жетиштүү болбосо муштум колдонушат, ошол сыяктуу болуп жатат. Бул жакшылыкка алып келбейт»,-деди Масалиев.

Количество просмотров: 124