• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Масалиев: Кемпир-Абад боюнча туура эмес кадам болуп жатат

5 Тогуздун айы 2022 14:16 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу эл менен жолугушуусуна Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери,айрым депутаттар дагы катышкан.

Депутат Исхак Масалиев Кемпир- Абад боюнча жабык жыйын кандай өткөнүн айтып берди.

«Өзгөндөгү жолугушуу ар кандай өттү. Арасында президентти айланайын алтыным келдиң деп кол чаап, 30 жылда биринчи жолу падыша келди дегендер бар, ошол эле учурда жерди бербейбиз дегендер болду. Бирдей болгон жок. Даярдалган «дүжүрлөр» кол чабышты, ал эми башында кире албагандар жерди бербеш керек деген пикирлерин айтышты. Кемпир-Абад боюнча колго кагаз келип түшкөндөн кийин айткан оң. Кандай болгон күндө дагы менин позициям бир эле, туура эмес кадам болуп жатат. Шашпай сүйлөшүүлөрдү уланта бериш керек»,-деди эл өкүлү Масалиев.

Количество просмотров: 1257