• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Масалиев «кол салуу болорун билгенбиз» деген Иманкуловдун сөзүн сындады

21 Аяк оона 2022 16:47 Бишкек Govori.TV

Чек араны бекемдөө керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

«Эгер даярдыктары ушул болсо анда бизге генералдар кереги жок. Даярданган учурда телевизордон көрсөтпөй, акырын иш алып баруу керек. Аскер күчтөрүн бекемдөөдө аны борбордук аянтта көрсөтпөйт. Азыр деле бул жаатта иштерди улантуу керек. Аскерлерге мүмкүнчулүктөрдү түзүү маанилүү»,-деди Исаков.

Эске салсак, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 19-сентябрда өткөн маалымат жыйында Тажикстан Кыргызстанга кол салууга даярданып жатканы туурасында маалыматтары болгонун айтып, төмөндөгүлөрдү билдирген.

«Тажикстан ушундай агрессия кылууга даярдык кылып жатканы туурасында маалыматтарды алып жатканбыз. Президенттин катышуусунда көптөгөн жыйындарды өткөрдүк. Даярдыктар жүрүп жаткан, бирок мындай масштабдуу, мындай күч менен бир маалда бардык чек ара периметрлеринен кол салат деп күткөн эмеспиз. Эгер биз даярдык көрбөгөндө мунун масштабы мындан дагы чоң болмок. Кыргызстандын аймагына кирип алып чыкпай коюшмак. Биз алардын берилеп келишине жол берген жокпуз. Мында чек арачылардын, укук коргоо органдарынын салымы чоң», — деген Иманкулов.

Ошондой эле ал кагылышуу башталары менен бийлик органдары биринчи кезекте элди коопсуз жайга чыгаруу аракетин көргөнүн кошумчалаган.

Количество просмотров: 8021