• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Масалиев: «КТ Мобайлдын» жетекчилери Президенттен көп айлык алганы туура эмес

15 Бугу 2019 15:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.

ЖК депутаты Исхак Масалиев «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчилигинин алган айлыгы тууралуу өз пикирин айтты. Анын айтымында алардын Президенттен көп айлык алуусу туура эмес иш.

«Мен түшүнөт элем эгер ал жигит айлыгын 100 доллардан баштаса. Анан иштебей туруп эле Президенттен эки эсе көп айлык алса бул коомчулук үчүн түшүнүксүз болуп турат да. Биринчи ишти баштап, анан тапкан акчалардан айлыктарын көтөрсө ал башка нерсе»,-деди эл өкүлү.

Эске салсак, “КТ Мобайл” компаниясынын башкы директору Нурбек Мукамбетовдун бир айлык маянасы 350 миң сом, анын орун басары Эрназар Рысалиевдин айлык маянасы 300 миң сом, техникалык директор Николай Дмитриенконуку 290 миң сомго тете деген маалымат кеңири тараган.

Ал эми “КТ Мобайл” компаниясынын өкүлдөрү маалымат жыйын уюштуруп, 300000 миң сом алат деген маалымат “фейк” экенин белгилеп, алар орточо эсеп менен 157 миң сом алаарын айтышкан.


Количество просмотров: 24