• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Масалиев: Регламенти жок Жогорку Кеңештин чечимдери эртең күмөн санатат

15 Аяк оона 2022 14:45 Бишкек Govori.TV

Регламенти жок Жогорку Кеңештин чечимдери эртең күмөн санатат. Мындай пикирин депутат Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, тез арада регламент кабыл алыш керек.

«Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзам долбооруна президенттен каршы пикир алганбыз. Анда көп түшүнбөстүк болду. Баш мыйзамды каалагандай чечмелеп, силердин кабыл алган мыйзамыңар туура эмес деп бизге жооп берди. Талкуу болуп жатат, ошол жерде биз президенттин айрым каршы пикирин добуш менен ашыралы деп жатабыз. Ал эми айрым пикири менен макулбуз»,-деди ал.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтарган.

Количество просмотров: 163