• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Масалиев төрагага: Өкмөттүн ордуна жооп бербей эле коюңуз

1 Чын куран 2020 13:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулду. Отурумда өкмөттүн тиешелүү мүчөлөрү экономикалык абал боюнча суроолорго жооп берип жатышат.

Айрым депутаттар өкмөт мүчөлөрүнүн жообуна канааттанган жок. Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду өкмөттүн ордуна жооп бербөөгө чакырды.

«Дастан Артисбекович, мен сизден суранат элем, өкмөттүн ордуна жооп бербей эле коюңуз. Анда сизди өкмөт башчы кылып коелу, жооп бере бересиз. Күйгөнүңүздү түшүнүп турам, бирок булар өздөрү жооп берсин», — деди Масалиев.

Төрага суроо ага да берилгенин айтып, жооп берди.

Количество просмотров: 1632