• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Машинеге байланып сүйрөлгөн баланы тагдырына акыйкатчы үн катты

30 Чын куран 2019 19:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту, балага мыкаачылык мамиле кылган адамды боштодукка чыгарып, негизсиз гумандуулук кылганын акыйкатчы сынга алды.

Мындан улам, башкы акыйкатчы бул маселени жеке көзөмөлүнө ала турган болду. Белгилүү болгондой, акыйкатчынын өкүлдөрү ооруканага барып, жабыркаган баладан кабар алышып дарыгер, мектептин директору жана класс жетекчиси менен баарлашышты.

Ал эми, бала ооруканадан чыккандан кийин, алыста жүргөн апасы келгичекти, социалдык үйлөрдүн бирөөсүнө жайгаштыруу маселеси караштырыларын акыйкатчынын маалымат кызматы билдирүүдө.

Количество просмотров: 89