• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Массалык уулануу эмнеден болгону аныкталды

5 Чын куран 2018 11:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.04.02. Govori.TV
«Ала Тоо» ресторанындагы тамак-аштар лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп бүттү. Бул тууралуу Govori.TV агенттигине Бишкек шаардык Мамлекеттик санэпидем көзөмөлдөо борборунан маалымдашты.
«Унга оонатылып бышырылган тооктун курамындагы  «сальмонеллез» массалык ууланууга  себеп болгон. Чийки тооктон бул зат табылган эмес. Демек даярдоо  жана бышырылгандан кийинки сактоо эрежеси бузулган,-деп маалымдайт Санэпидем көзөмөлдөө борбору.
Ошондой эле ууланган бейтаптардын организиминен дагы  «сальмонеллез» таякчалары табылган. Учурда ресторандын ашканасы жууп-тазаланууда.
Эскерте кетсек 5-апрель күнү Бишкектеги «Ала Тоо» ресторанына тойго келген коноктор ууланып, 230 адам Бишкектеги жана аймактардагы ооруканаларга тушкөн. «Ала Тоо» ресторанына 25 000 сом айып пул салынып, белгисиз мөөнөткө жабылган. Бул факты кылмыш иши  да козголгон.
Количество просмотров: 32