• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Массалык камоолор: Депутат Түлөбаев журналистерге жеңилдиктерди сурады

3 Жетинин айы 2022 12:19 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев сот органдарына кайрылуу жасады. Анын айтымында, журналистер табиятынан эркин сүйлөп, эркин жүргөн жана эркин оюн билдирген жарандар, андыктан аларга жеңилдиктерди берүү керек.

«Урматтуу райондук жана шаардык соттор, мына кармалып отурган Семетей Талас уулу, Эрлан Бекчоро уулу жана Атай Бейшебектерди камоордо сөз эркиндигине карап чечим чыгарсаңыздар. Журналистер сезимтал болуп, өзүнүн оюндагысын эркин айтканга көнүп калышат. Булар эч качан өлкөнү сатпайт жана өлкөгө кыянатчылык кылбайт. Аларга чечим чыгарууда жеңилдетилген гумандуулука барсаңыздар. Ушул журналистерге карата бир өтүнүчүм бар эле, сот органдары карап койсоңуздар», — деди Түлөбаев.

Количество просмотров: 157