Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына суракка кирип чыккан Райымбек Матраимов журналисттердин суроолоруна жооп берип айтылып жаткан 700 миллионго тиешеси жок экенин айтты.
«700 миллион доллар эмес 7 тыйынына тиешем жок. Журналисттик иликтөөдө айтылгандардын баары жалган жалаа. Айэркен Саймаитини тааныбайм, эч кандай мамилем болгон эмес. Ушу тапта жалган жазган, менин аброюма шек келтирген Али Токтакунов менен Ширин Айтматованы жана башка журналисттерди сотко бердим. Ал эми «Азаттык» эл аралык радио болгондуктан биз дагы эл аралык деңгээлде сотко берүүгө даярданып жатабыз», — деди Матраимов.
Мындан тышкары, Матраимов сурак учурунда эч кандай басым болбогонун, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эмне сөз болгонун айта албай турганын белгиледи.