• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Матраимов Атамбаевге: Мага карата каралоону токтотпосоңуз, мындан ары жөн отурбаймын…

13 Бугу 201921:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов видеокайрылуу таратып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айыптарына жооп кайтарды.

Матраимов атасынын элесине арналган Кара-Сууда өткөн иш-чарага токтолуп, аны «Атамбаевге таандык басылмалар көбүртүп, каралаганын» айтты. Ал спорттук иш-чара мурдатан эле өтүп келгенин, ага Атамбаев өзү да мурдагы кеңешчиси Икрам Илмиянов баштаган топту жөнөткөнүн билдирди.

Матраимов өзүнүн карьералык өсүшүнө да токтолуп, экс-президенттин тушунда жогорку кызматтарга көтөрүлгөнүн айтып, Атамбаевге кайрылды.

https://youtu.be/D17jVUsdgZQ
Количество просмотров: 30