• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Матраимов Дубайдан дарыланабы?

25 Бирдин айы 2021 9:32 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов ооруканага жаткырылган. Интернет айдыңда ал Кыргызстанда дарыланбай чет өлкөгө учуусу керек экендиги тууралуу маалыматтар айтылды.

Ага ылайык, Матраимов дарыланууга Дубайга кетет.

22-февралда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Матраимов жаткан УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кирип, ден соолугу менен таанышкан. Матраимовдун кан басымы жогорулап кеткени айтылып, убактылуу кармоочу жайдын дарыгерлери биринчи жардам берип жатканы маалым болгон.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ал кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айыпталууда.

Количество просмотров: 1467