• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Матраимов ММКга каршы дооматтарды караган комиссияга Азаттык боюнча арыз жазды

3 Тогуздун айы 201912:23 Бишкек Govori.TV

ММКга жазылган арыздарды караган комиссияга Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдон «Azattyk Media» радиосуна карата арыз келип түштү.

Анда депутат Ошто болгон журналисттерге кол салуу тууралуу маалыматтар боюнча жазган.

Арыз ээсинин айтымында Азаттыктын орус тилиндеги версиясында 11 тексттик публикация жана 1 автордук Ыдырыс Исаковдун видеорепортажы чыккан.

«12 материалдын 11инде бир жактуу жана радионун позициясын колдогондордун ою жазылган», — деген Матраимов.

Арызда Ыдырыс Исаков менен Матраимовдун тарапташтары менен болгон телефондук сүйлөшүү тиркелген. Автор Исаковдун комментарийине көңүл бурууну айткан.

Арыз ээси төмөнкү суроо-талаптарды келтирген:

Инцидентти чагылдыруунун сапатына баа берүү;
Журналисттин этикалык кодекси бузулгандыгы тууралуу текшерүү жүргүзүү;
Публикацияны талкулоого тараптарды чакыруу;
Исаковдун телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн чын-төгүнүн иликтеген көз карандысыз экспертиза уюштуруу.

Количество просмотров: 35