Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин сурагынан чыкты.
Ал «Азаттык» менен «Клооп» маалымат агенттиктеринин журналисттик иликтөөсү боюнча күбө катары суракка чакырылган болчу.
Матраимов бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.
Ведомстволор аралык комиссия сотко чейинки өндүрүштүн алкагында журналисттик иликтөөдөгү материалдар боюнча Жазык кодексиндеги 39-130-берененин 1-бөлүмү менен (адам өмүрүнө кол салуу) Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган факт боюнча тергөө иш-чараларын улантып жатат. Бүгүн, 29-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасынын мурунку орун басары суракка чакырылган. Учурда Айеркен Саимаитинин дарегине айтылган коркутуулар боюнча маалыматты ар тараптуу изилдөө жана текшерүү үчүн тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.