• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Матраимовдор «24.kg» агенттигине койгон доосунан баш тартышты

27 Үчтүн айы 2020 14:17 Бишкек Govori.TV

Матраимовдор 24.kg агенттигине коюлган 15 миллион сомдук доосунан баш тартты. Бул тууралуу Govori.TV га Матраимовдордун жактоочусу Канатбек Азиз билдирди.

Анын айтымында, доогерлер бир гана 24.kg агенттигине коюлган доодон баш тартышкан. Себеби, 24.kg агенттиги «Контрабандалык схемалар Райым Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттердин иликтөөсү» аталышка далилдер жоктугун мойнуна алган.

Белгилей кетсек, буга чейин «24.kg» сайтынын жактоочусу Эмил Жандаев «24.kg» «Азаттык» жана «Kloop.kg» иликтеп жарыялаган материалды гана сайтына чыгарганын, соттук ишти тынчтык жолу менен бүтүрүүгө макул экенин, бирок анын шарттарын такташ керек болорун айткан.

Эске салсак, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Анда аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган.

Количество просмотров: 115