• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

700 млн долларга Матраимовдордун тиешеси бар же жок экени аныкталдыбы? Депкомиссиянын жообу…

18 Кулжа 2020 18:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн ЖКнын отурумунда Стамбулда өлтүрүлгөн кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия корутундусун окуду

Жыйында депутат Марлен Маматалиев «өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылды делген 700 миллион долларга Матраимовдордун тиешеси бар же жок экени аныкталдыбы?» деп собол салды.

Буга комиссия төрагасы Талант Мамытов жооп берип, ал каражат ишкерлерге таандык экенин айтты.

«Ал сумма 700 миллион эмес, 932 миллион доллар деп аныкталган. Аталган каражат тергөөдө Кыргызстандын «Кара-Суу» жана Өзбекстандын «Абу-Сахий» базарындагы жеке ишкерлердин акчасы экени тастыкталды. Комиссия дагы ушундай жыйынтыкка келип жатабыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, убактылуу комиссия иликтөөсүн жыйынтыктап, бүгүн парламентте маалымат берди.

Количество просмотров: 367