• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Матраимовдор «Азаттыкка» жооп даярдап жатышыптыр

31 Бугу 201913:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.

«Азаттыктын» журналисттеринин Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүлкүнө байланыштуу иликтөөсү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Басылманын маалыматы боюнча, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана ЖКнын депутаты Искендер Матраимовдун үй-бүлөсү 2011-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандан 700 миллион доллардын чыгып кетишине тиешеси бар экени айтылган.

Ал эми,  Раимбек Матраимовдун бир тууган агасы «Азаттыктын» видеосюжетинде айтылган акчаны алардын үй-бүлөсү кайдан тапканын айтты.

 “Айтылган акчага биздин  үй-бүлөнүн тиешеси жок. Ал товар айландырууда жүргөн акча болчу. Толук маалыматты биз кийинчерээк беребиз. Азыр биз буга жооп даярдап жатабыз”,-деди И.Матраимов.

Ал эми, «Автостолица» жана «Ош Плаза» компанияларына жубайы Минавар Жумаевага таандык экендигин  депутат Искендер Матраимов тактады.

Количество просмотров: 15