• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Матраимовдордон коркуп калдык, деген кайрылуу тууралуу ИИМ маалымат таратты

15 Бирдин айы 2020 21:50 Бишкек Govori.TV

Жакында социалдык тармактарда жана айрым маалыматтык агенттиктерде Ош шаарынын тургуну, спортчу Рахманберди уулу Төлөгөндүн видеокайрылуусу жарыяланган. Ал өзүнүн видеокайрылуусунда Президентке кайрылып, тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Жаран Рахманберди уулу Төлөгөндүн айтуусунда аны коркутуп, уруп-сабап, андан кийин тапанчадан жаракат алгандан кийин ооруканада жатканын дагы билдирген.
Ички иштер министрлиги маалымдайт, кайрылуу боюнча текшерүү жүрүп, кайрылуудагы ар бир окуя териштирилүүдө. Ошондой эле, жаран Рахманберди уулу Төлөгөндүн денесинен жаракат алгандыгы боюнча дагы бир нече жолу суралган жана мындай факты болгондугун айтып, түшүнүксүз жоопторду берген.

2019-жылдын 4-июнь күнү Ош ШИИБге шаардын көчөлөрүн биринде ок атышуу орун алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери 4 ок менен уюлдук телефон табышкан. Экспертизанын жыйынтыгы менен табылган октор тапанчанын огу болуп чыккан. Ички иштер органдарына бул факты боюнча эч ким арыз менен кайрылган эмес. Бир нече күбөлөр суралып, тилекке каршы бул окуяга тиешеси барлар аныкталган эмес. Суралгандардын ичинде жогорудагы жаран дагы болуп, ок атышууну такыр укпагандыгын, денесинен эч кандай жаракаттарды албагандыгын билдирген. Өткөн жылдын 22-сентябрь күнү Ош ШИИБге шаардын Исанов көчөсүнөн жаран Рахымберди уулу Төлөгөн денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилгени маалым болгон. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери ок атышуу фактысы болгондугун аныкташкан. Аталган факты КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрө баштаган. Ал эми тергөөнүн жүрүшүндө Рахманберди уулу Төлөгөн көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Андан сырткары жалпыга маалымдоо каражаттарына кокустуктан улам ок атуучу куралдан жаракат алгандыгын жана ал өзүнө өзү жаракат келтиргендигин билдирген.

Ички иштер министрлиги билдирет, азыркы учурда уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталган комплекстүү ыкчам-алдын алуу жана тергөө амалдары жүрүп жатат. Жогорудагы иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө жаран Рахманберди уулу Төлөгөн башка резонанстуу иште катыштыгы бардыгы маалым болду. ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жарандын денесине жаракат келтирүү фактысы боюнча иш бар. 2018-жылдын 28-декабрь күнү Аламүдүн районунун Лебединовка айылында Бишкек шаарынын жашоочусу К.А. аттуунун денесине жаракат келтиришкен. Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы укукка жат иш-аракетке Рахманберди уулу Төлөгөндүн тиешеси бардыгы аныкталган. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Рахманберди уулу Төлөгөн кылмыш жоопкерчилигинен бошонуу үчүн жана коомчулукту адаштыруу менен укук коргоо органдарын каралоо максатында видеокайрылуу жасаганды деп эсептейбиз. Аламүдүн районунда болгон факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Рахманберди уулу Төлөгөндүн тиешеси бардыгы жөнүндө толук далилдер топтолду. Бул факты видеого түшүп калгангандыгын белгилейбиз. Андан сырткары 2020-жылдын 29-январында болжол менен саат 18:00 чамаларында Оштогу стадиондо белгисиз адамдар Рахманберди уулу Төлөгөндүн денесине жаракат келтирген соң качып кетишкен. Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган. Аталган факты боюнча тез арада ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп баштаган. Бирок Рахманберди уулу Төлөгөн көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Буга карабастан Ош шаарында милиция кызматкерлери күмөн саналган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Автоунаанын ичинде жүргөн ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары турган 5 адам кармалган.

Количество просмотров: 2742