• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Матраимовдордун үч медиага каршы арызы боюнча соттук отурум башталды

19 Бештин айы 201914:07 Бишкек Govori.TV

Матраимовдор үч басылмага жана журналистке каршы жазган арызынын негизинде алгачкы отурум бүгүн 19-декабрда саат 14:00дө башталды. Аны Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карап жатат.

Эске салсак, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.

Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду. Бирок, кайрадан Матраимовдордун арызына улам эсептер камактан чыгарылган.

Арыз 9-декабрда жазылганы, соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилгени 12-декабрда маалым болду.

Количество просмотров: 48