• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Матраимовдордун доо арызы. Соттук отурум жылды

20 Үчтүн айы 2020 15:32 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча соттук иш 29-январга жылдырылды.

Буга Матраимовдордун жактоочуларынын сотко келтирген өтүнүчү негиз болду. Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен анын аялы Минавар Жумаеванын, «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фондунун жактоочусу ишти тынчтык жолу менен чечип алуу тууралуу Матраимовдор менен кеңешкенин маалымдады. Ага ылайык, адвокат үч медиа Матраимовдор тууралуу маалыматтарды төгүндөсө доогер тарап материалдык доодон баш тартууга даяр экенин билдирди.

«24.kg» сайтынын жактоочусу Эмил Жандаев «24.kg» «Азаттык» жана «Kloop.kg» иликтеп жарыялаган материалды гана сайтына чыгарганын, соттук ишти тынчтык жолу менен бүтүрүүгө макул экенин, бирок анын шарттарын такташ керек болорун айтты.

Ал эми «Азаттык» менен «Kloop.kgнин» жактоочулары журналисттик иликтөөдөгү маалыматтарды төгүндөй албай турганын, бирок доогер тарап өз жүйөлөрүн келтириш үчүн эфир сураса микрофон берүүгө даяр экенин билдиришти.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Анда аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган.

Количество просмотров: 80