• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Матраимовдордун доосу. Соттук отурумда видео тартууга тыюу салынды

19 Бештин айы 201914:37 Бишкек Govori.TV

Матраимовдор үч басылмага жана журналистке каршы жазган арызынын негизинде алгачкы отурум бүгүн 19-декабрда саат 14:00дө башталды. Аны Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карап жатат. Анда Матраимовдордун жактоочулары тарабынан сотко видео тартууга сунуш келтирилип сот аны кабыл алды.

Жыйынтыгында соттук отурумда үн жаздырууга гана уруксат берилди. Ал эми видео жана сүрөткө тартууга толук чектөө коюлду.

Эске салсак, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.

Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду. Бирок, кайрадан Матраимовдордун арызына улам эсептер камактан чыгарылган.

Белгилей кетсек, арыз 9-декабрда жазылганы, соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилгени 12-декабрда маалым болгон.

Количество просмотров: 98