• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Матраимовдордун журналисттерге каршы доосу боюнча иш кыскартылды

27 Чын куран 2021 17:12 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнүн «Азаттык», «Клооп», «24.kg» медиаларына жана журналист Али Токтакуновго каршы доосу боюнча иш кыскартылды. Мындай чечим бүгүн 27-апрелде Бишкектин Свердлов райондук сотунда кабыл алынганын “Азаттык” радиосуна юрист Акмат Алагушев билдирди.

Алагушевдин айтымында, буга Матраимовдордун доо арыздан баш тартканы себеп болду:

“Бүттү, жабылды деп айтсак болот. Эч ким арыздана албайт. Кийин бул маселе боюнча башынан доо арыз берүүгө мүмкүнчүлүк жок”.

Матраимовдор доосунан баш тартканы 23-апрелде белгилүү болгон.

2019-2020-жылдары «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы бажы тармагындагы коррупциялык иштерди ашкерелеген иликтөөлөрдүн сериясын жарыялаган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Матраимовдор соттон журналисттерден жалпысынан 60 млн сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Количество просмотров: 98