Матраимовдор үч басылмага жана журналистке каршы жазган арызынын негизинде алгачкы отурум болжол менен 19-декабрда саат 14:00дө болот. Аны Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карай турганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.
Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.
Арыз 9-декабрда жазылганы, соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилгени 12-декабрда маалым болду.
Соттон келген аныктамага ылайык, арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:
Доонун суммасы:
Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчиликке байланыштуу чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген болчу.
Бир катар медиа уюмдар үч басылманы жана кабарчыны сотко берүүнү, алардын банк эсептерин дароо камакка алууну сөз эркиндигине чабуул катары баалап жатышат.