• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Матраимовдун чайы ким менен ким дос, табакташ экенин ачыкка чыгарды

2 Бугу 2019 18:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.05.2019.Govori.TV.

“Райым миллион”- деп эл арасында каймана атка ээ болгон Матраимовдун тою депутаттар үчүн Жогорку Кеңештеги жыйындан да жогору турарын бүгүн бош турган креслолордон байкоого болот.

Айта кетсек, эки күн бою түштүктө дүңгүрөткөн Матраимовдордун майрамдык иш чарасына 15 миңден ашык эл чогулуп, Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган жоон топ депутаттар, Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетелеген губернаторлор, акимдер, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ал эле эмес Кыргызстандын Өзбекстандагы элчи Ибрагим Жунусов келген коноктордун катарын толукташты.

Байге фонду 1 млн. сомду түзгөн иш-чара, карапайым элди дүрбөлөңгө салып, ким менен ким дос табакташ экенин ачыкка чыгарды.

Количество просмотров: 19