• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Матраимовдун иниси ишкерлердин айткандарын төгүндөдү

30 Бугу 201910:52 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси Руслан Матраимов Ошто өз дарегине айтылган сындарды четке какты. Ал «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында Өзбекстандан Кыргызстанга товар ташыган ишкерлердин айткандарын «куру доомат, жалган маалымат» деп мүнөздөдү.

«Азаттыктын» иликтөөсүндө айрым ишкерлер расмий түрдө бажы тармагына эч тиешеси жок Руслан Матраимов кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бажы бекетин көзөмөлдөп, товар ташыгандардан кеминде үлүш алып турат деп айтып беришкен. Бул ишке Матраимовдун эжеси да аралашып жатканын билдиришкен.

Жеке ишкер деп саналган Руслан Матраимов расмий документтер боюнча “Исмаил Матраимов атындагы” фонд менен «Эрем» спорттук клубуна ээлик кылат.

«Азаттыктын» Матраимовдор аралашкан алешемдиктер тууралуу иликтөөсү обого 29-майдын кечинде чыкты.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы реестрге 323-берене («Мыйзамсыз баюу») менен каттаган.

Количество просмотров: 15