• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Матраимовдун коноктору коомду дүрбөттү

1 Бугу 2019 16:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.05.2019.Govori.TV.

Түштүктөгү эң таасирдүү адамдардын бири Райым Матраимов, байке фонду 1 млн сомду түзгөн иш чараны өткөрүүдө. Ага биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, ошондой эле Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев, Улан Примов, Тазабек Икрамов, Абдывахап Нурбаев жана башкалар катышууда.


https://www.facebook.com/jyldyz.musabekova/videos/2491178247558863/

Коомдо сүрөттөр талкуу жараткандан кийин депутат Жанар Акаев Фейсбук баракчасына билдирүү жасады.

«Урматтуу достор, жеке мен Кара-Суудагы иш-чарага кымындай жаман оюм болбой, спикер баштаган бардык фракциялардын депутаттары менен чогуу келдим. Өзүм беш күндөн бери Ошто болчумун. ЖК депутаты Искендер Матраимов майрамдык иш-чара уюштуруп, беш миңдей эл келээрин, спорттук ири таймаш болоорун айтып, чакырган. Биз Райым Матраимовдун тоюна же туулган күнүнө эмес, согуш ардагерлерин куттуктап, эл менен учурашып кайттык. Депутаттар чакырган аймактарга барып эле жүрөбүз. Эч жаман ойу жок, кесиптештер менен барып кайттым эле. Эми, cиздердин эмоцияны да түшүнөбүз, тепкилегенге чыдашка аргасызбыз. Көпчүлүк жалгыз мени катуу сынга алганынарды да түшүнүп турам, үмүттү өчүрбөгүлө! Абдан ыңгайсыз абалда калдым…», — деп жазды Акаев.

Фейсбук колдоонуучулар кызуу талкууга алып, депутаттарды сындашты.

Ал эми депутаттардын баары бир ооздон “Өз каражатыбызга келдик, мамлекет төлөп берген жок”- деп актанышууда.

Тазабек Икрамов «Бизди Искендер Матраимов чакырды. Дагы кимди чакырды билбейм, кимдин убактысы болсо ошолор келишти. Албетте, бул жакка өзүбүздүн жеке каражатыбыз менен келдик, мамлекет төлөп берген жок”.

Төрага Дастан Жумабековдун басма сөз катчысы:

“Бүгүн дем алыш. Ал жакка чакырышты, бардык. Бул анын жеке сапары”,-деп билдирди.

Белгилүү болгондой иш-чарага 15 миңден ашык адам чогулган. Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов: “Бул турнир атабыздын урматына арналган. Сегиз жылдан бери футбол жана волейбол боюнча мелдеш өткөрүп келебиз. Бардык жогорку даражадагы аткаминерлер келди. 30дай депутат жана облусттук, райондук жетекчилер катышып жатат. Баарынын атын атабай эле койоюн”.

Айта кетсек, иш-чара кечээ башталган бүгүн жыйынтыкталат.

Количество просмотров: 25