• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Матраимовдун жактоочусу үч медианын эсебин камакка алууга каршы сотко кайрылды

13 Бештин айы 2019 12:13 Бишкек Govori.TV

Матраимовдордун жактоочусу «Азаттык», «Клооп» жана «24.kgнин» банкатык эсептерин камакка алууга каршы сотко ходатайство келтирди. Бул тууралуу Асель Оторбаева фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, сот өтүнүчтү бүгүн карайт.

Эске салсак, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгону 12-декабрда белгилүү болду. Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.

Количество просмотров: 19