• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Матраимовдун жактоочусу маселени тынч чечүүнүн жолу бар экенин айтты

19 Бештин айы 201916:18 Бишкек Govori.TV

Матраимовдордун адвокаттары эгер маалымат каражаттары иликтөөдө айтылгандарды төгүнгө чыгарса, арызын кайтарып алууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу бүгүнкү соттук отурумда айтышты.

Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн 24.kg, «Азаттык» жана Kloop ЖМКларына карата доо арызын кароо боюнча алдын ала угуулар башталды.

Эске салсак, Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жактоочулары 24.kg, «Азаттык» жана Kloop ЖМКларына карата доо арызын кароо боюнча процессте видеого тартууга каршы чыгышкан. Сот доогер тараптын өтүнүчүн канааттандырып, видеого тартууга тыюу салды.

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана 24.kg маалымат агенттигин сотко берген. Маалыматка караганда, Райымбек Матраимовдун намысын коргоо боюнча доонун суммасын: «Азаттык» 22 миллион, Kloop 12 жарым миллион, 24.kg агенттиги 15 миллион сом төлөп бериши керек.

Количество просмотров: 130