• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Матраимовдун жээни Назиктин атынан фейк аккаунт ачкан бала кармалды (видео)

2 Тогуздун айы 201919:24 Бишкек Govori.TV

Матраимовдун жээни Назик өзүнүн 18 жашын дүркүрөтө Hyatt мейманканасында белгилегени коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Буга байланыштуу Назик билдирүү жазган, ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов социалдык тармактагы жээнинин баракчасы фейк экенин билдирген.

Анын айтымында, акыркы окуяларга байланыштуу жээни депрессиялык абалга кептелгенин кошумчалап өткөн эле.

Көп өтпөй дал ошол Искендер Матраимов айтып жаткан фейк аккаунттун ээси табылды. Бул туурасындагы видео социалдык тармакка жарыяланып, анда жаш жигит Матраимовдун жээни Назик ал жазган билдирүүлөргө жооп бербей койгон. Мындан улам жигит анын атынан аккаунт ачып билдирүүнү жазган.

https://www.instagram.com/p/B3IKykWHPNl/

Ал эми Назиктин атынан жазылды делген билдирүү тууралуу ЖК депутаты Ирина Карамушкина оз оюн жазган.

«Туура, молодец, Назик! Баары ошондой!!! Матраимов.Р. Атамбаев алардын наркотрафик жана контрабандасын ачып салганы үчүн жазалоого убада берген-А.Ш. камалды, дагы да 20 дай адамды атып салышмак (Опумбаевдин сөзү менен), бирок Раим менен Асылбектин убадасын аткарышты. А парламент унчукпастан эксти салып беришти», — деген пикирин жазган.

Ирина Карамушкина прокомментировала пост Назик, который Искендер Матраимов назвал фейковым

Эске салсак, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жээни Назик өзүнүн 18 жашын дүркүрөтө Hyatt мейманканасында белгилегени талкууга түшкөн эле.

Количество просмотров: 2952