• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Матраимовго окшогон кыргыздын мыкты жигиттерин каралап келет». Депутат Ташиевге даттанды…

13 Тогуздун айы 2021 16:11 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Бактыбек Райымкулов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, чет элдик тыңчыларга катуу чара көрүүнү суранды.

«Качан болбосун бөлөк мамлекеттин кызыкчылыгын колдогондор өкмөткө тийишип келет. Чет өлкөнүн агенттерине, тыңчыларына катуу чара көрбөсө болбойт. Эң коркунучтуусу ушулар. Гомосексуалдарды, адамды жылаңачтап элге алып чыгып жаткандар да ушулар. Райым Матраимовго окшогон кыргыздын мыкты жигиттерин каралап келишет. Андан көрө ошондой мыкты инсандарды командага кошуп иштете турган учур келди да. Мен сизден ушуну өтүнөм, катуу чара көрүш керек», — деп кайрылды Райымкулов.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып Акылбек Жапаровду дайындады.

Ал эми Жогорку Кеңеш бүгүн 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана кабинет мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү маселесин карап жатат.

Количество просмотров: 679