• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мавлян Аскарбеков: Кыргызстандын келечеги үчүн президент менен тыгыз иштешүүгө даярбыз

14 Баш оона 2018 19:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.08.2018.Govori.TV.
13-августа Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин жыйыны болуп өттү. Анда, президент Сооронбай Жээнбеков жалпы кыргыз элин биргеликке чакырды, ошондой эле бейөкмөт уюмдары менен дагы тыгыз иштешүүнү айтты.
Ошондон улам айрым жарандык активисттер бул демилгени колдоп, президент менен тыгыз иштешүүгө даяр болгондугун билдирүүдө.
“Биз азыркы президент Сооронбай Жээнбековго жолугушуу учурунда 40 адам түрдүү пикирледи айтып, көптөгөн суроолорду бергенбиз. Бирок анда президент барына токтолуп, жеткиликтүү түшүндүрдү десем болот. Мына кече болуп өткөн Улуттук кеңеште дагы бейөкмөт уюмдарынын пикирин колдоо максатында иштешүү тууралуу оюн айтты. Бул дагы болсо, азыркы президенттин бардык элдин башын бириктирүүгө аракети деп билсек болот. Биз Кыргызстандын даркын келечеги үчун болгон аракеттерди көрүп, президент менен тыгыз иштешүүгө даярбыз”,- дейт активист Мавлян Аскарбеков.

Количество просмотров: 26