Бишкек.21.05.2019.Govori.TV.
Депутат Махабат Мавлянова соңку талаштуу посту тууралуу жооп берди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова эл өкүлү Мавлянованын «кыргыз кыздары чыпталышкан, төшү ачык үлпөт көйнөк кийбей эле койгулачы»,-деген билдирүүсүнө жаман сөз менен жооп кайтаруусу талкууга түшкөн.
Бул тууралуу депутат: «Гуля Алмамбетованы мен жакшы адис катары баалайм. Менин оюмча ал жөн гана эмоцияга алдырып ийди деген ойдомун. Ал адамдын жумуштан алынуусун каалабайм»,-деген пикирин айтты.