• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Мечитте түнөгөн… Бишкекте изделип жаткан 8 жашар бала табылды

26 Теке 202212:09 Бишкек Govori.TV

Бишкекте дайынсыз жоголгон сегиз жашар бала табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-июлда саат 10:00дө буга чейин дайынсыз жоголгон сегиз жашар Камронбек Умаров табылган.

“Бала ойноп жатып үйүнө барган жолду таба албай калган. Ал мечитте түнөгөн”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 25-июлда милицияга У.З. аттуу жаран кайрылып, Камронбек Умаров аттуу баласы Гагарин көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин билдирген.

Количество просмотров: 130