Бүгүн Жогорку Кеңеште Бишкектин экологиясын жакшыртуу маселесин талкуулоодо депутат Медербек Алиев шаардагы абанын сапатынын индексин аныктап жаткан уюмдардын репутациясына кызыкты.
«Юрист болгондон кийин ошону тактагың келет экен. Биз чет мамлекеттерге чыгып, дүйнөдөгү эң кир шаарларды көргөнбүз. Бирок ЖМКда айтылып жаткан Бишкек дүйнөдөгү эң кир шаарлардын катарын толуктайт дегенге мен кошула албайт элем. Муну өзү ким аныктайт?»,- деп суроо салды эл өкүлү.
Министрлер кабинетинин өкүлү Динара Кутманова изилдөөнү Кыргызгидромет жүргүзөрүн жана анын 7 стационардык пункту, 50 датчиги бар экенин билдирди. Мамлекеттик мониторингден тышкары коомдук уюмдар да аныктап жатканын, алардын ар кайсыл жерде 16 датчиги бар экенин ырастап, Кутманова ЖМК коомдук уюмдардын маалыматына таянып чыгарып жатканын кошумчалады.
Эл өкүлү Медербек Алиев эгер ал коомдук уюмдардын эл аралык ишкердик аброю дүйнө жүзү боюнча таанылган болсо мен ишенет элем деген оюн айтты. Ал коомдук бирикмелер эмненин негизинде иштешет деген күмөн саноосун билдирди депутат. Мындай Бишкек жөнүндө туура эмес маалымат Кыргызстандын туристтик-инвестициялык репутациясына болуп көрбөгөндөй зыянын тийгизип коюшу мүмкүн деди парламентчи. Ошол эле учурда абанын булгануу фактысы бар экенин белгиледи.