Бишкек.09.08.2019.Govori.TV.
Борбордо жайгашкан «Медиа форумдун» имараты камакка алынды. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бүгүн, 9-августта билдирди.
Анын айтымында, имаратка Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы кызматкерлери келишкен. Тергөөчү Биринчи май райондук сотунун токтому менен тааныштырды. Анда «Медиа форумдун» имараты мөөр басылган кагаз менен жабылышы керектиги жазылган.
Бул имаратта КСДПнын, «Апрель» телеканалынын жана башка уюмдардын кеңселери жайгашкан.
ИИМдин берген маалыматына ылайык мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкү камакка алынган.
Ошондой эле ИИМдин атайын багыттагы кызматкерлери ИИМге Эрмек Окенов, Темирлан Султанбеков, Амантур Жамгырчиев, Алга Кылычев жана Тилек Абдиевди алып кетишкени айтылды.
Эске салсак, Атамбаев 8-августта күч органдары тарабынан колго түшүп, 26-августка чейин камалган.