• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Медиа коомчулук чек арада болгон кайгылуу окуялар боюнча Жапаровго кайрылуу жолдошту

27 Аяк оона 2022 13:58 Бишкек Govori.TV

Медиа коомчулук жана активисттер 2022-жылдын 14-18-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кайгылуу окуялар боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдошту.

Кайрылуунун толук текстин төмөндө беребиз:

Урматуу Садыр Нургожоевич!

Ушул жылдын 14-сентябрынан 18-сентябрына чейин кыргыз-тажик чек арасында болгон кыргыз элине каршы куралдуу агрессиянын кесепеттерине байланыштуу Сизге кайрылууга мажбур болдук.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сүйлөгөн сөзүңүздү кунт коюп угуп, биз Сиздин баяндамаңызда айтылган билдирүүнү толугу менен колдой турганыбызды жана кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн кайгылуу окуяларга берген бааңыз менен макул экенибизди билдиргибиз келет. Сиз белгилегендей, бул окуялар өлкөбүз үчүн акыркы жылдардагы эң ири жана эң кандуу окуя болуп калды. Бул жаңжалдагы тажик тараптын аракеттерин Тажикстандын кыргыз элине каршы себепсиз куралдуу агрессиясы деп гана айтууга болот.

Сиз абдан туура белгиледиңиз, бул биздин өлкөнүн аймагына тажик аскерлеринин куралдуу басып кириши менен коштолгон жана терс кесепеттерге алып келген биринчи жаңжал эмес. Ошол эле учурда чек арага чектеш аймактарда мындай чыр-чатактардын кайталанып жатканын, алардын масштабынын чоңоюшун жана кесепеттери күчөп баратканын эске алуу менен, биз жыйынтык чыгарууга, кетирилген каталардан сабак алууга, аткаруу бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүп, ага реалдуу баа берүүгө мезгил жетти деп эсептейбиз. Акыркы окуялар дагы бир жолу даана көрсөткөндөй, жөнөкөй жарандар кырдаалды өзү чечүүгө, мыйзам боюнча министрлер кабинетинин милдети деп эсептелген иштерди өз алдынча аткарууга аракет кылып жатканда өкмөт көп учурда жөн гана байкоочу болуп турду.

Мындан тышкары, акыркы окуялардын жүрүшүндө байкалган аткаруу бийлигинин дагы бир нече каталарын белгилей кеткибиз келет.

1. Биринчиден, өзгөчө кырдаалдар боюнча жооптуу органдардын, ошондой эле социалдык кызматтардын уюштуруу иштеринин жана координациясынын начардыгы. Алар чек арадагы калкты өз убагында эвакуациялап, эвакуацияланган жарандарды жайгаштыруу жана аларды бардык зарыл нерселер менен камсыз кылуу маселелерин чечиши керек болчу. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттарында Баткендин чек ара аймактарынын тургундары үйлөрүн жапырт таштап, коңшу айылдардан жана шаарлардан баш калка издеп, жапа чеккендерге “Үй бар” плакаттары менен өз үйлөрүн сунуш кылган жарандар тууралуу маалыматтар жарыяланып жатты. Жаңжал башталгандан бир нече күн өткөндөн кийин гана мамлекеттик кызматтар элди эвакуациялоо жана куткаруу иштерин жүргүзө баштаганы тууралуу маалыматтар пайда болду.

2. Чек арадагы жаңжалда жабыркагандарга гуманитардык жардамды чогултуу жана жөнөтүү боюнча өнөктүктөрдү өткөрүүдө да социалдык кызматтар эч нерсе кылышпады. Көңүл кош карап тура албаган жарандар, алардын ичинде жарандык активисттер, интернет-блогерлер жана бизнес түзүмдөрдүн өкүлдөрү гуманитардык жардам чогултуу пункттарын өздөрү уюштуруп, гумжардамды дароо Баткендин чек ара аймактарынын тургундарына жөнөтүп турушту. Расмий маалымат боюнча, Баткен облусуна жалпысынан 775 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн, анын басымдуу бөлүгү өлкө жарандарынан келип түшкөн жардам болгон.

3. Болгон окуялардын трагедиялуу кесепеттерине таасир эткен дагы бир маанилүү фактордун бири катары чек ара кызматтарынын материалдык-техникалык жактан начар камсыздалышын белгилеп кеткибиз келет. Бул жетиштүү көңүл бурулбагандыктан жана каржыланбагандыктан болду. Бул маселелерди чечүүдө да жөнөкөй жарандар четте тура албады. Алар байланыш жабдуулары үчүн тышкы дүрмөттөөчү түзмөктөрдөн тартып түнкү көрүүчү аппараттарга чейин бардык керектүү жабдууларды жана шаймандарды чек арачыларга сатып бериш үчүн ар түрдүү аянтчаларда акча чогултуу иштерин уюштурушту.

4. Кийин Коопсуздук кеңешинин катчысы М.Иманкулов Кыргызстандын атайын кызматы Тажикстан тарап кое турган чабуулдардан кабардар болгонун билдирди. Бирок чек ара органдарынын техникалык даярдыгынын төмөндүгү, жарандардын кечиктирилип эвакуацияланышы, бул жаңжалда каза болгондордун жана жабыркагандардын көп болгону аткаруу бийлигинин органдарында мүмкүн боло турган жаңжал тууралуу атайын кызматтарды да, калкты да өз убагында кабардар кылуу боюнча координация начар экендигин көрсөтүп турат.

Ошол эле кезде, болгон окуя учурунда маалыматтык коопсуздук маселесин да жарандар өзүлөрүнүн колуна алышты. Жарандык активисттер, блогерлер жана журналисттер чек арадагы кырдаал жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар тууралуу гана өз убагында маалымдап турбастан, тажик тараптын абийирсиз маалымат өнөктүгүнүн бетин да ачып жатышты.

Жогоруда айтылгандардын баары аткаруу бийлигинин бир топ кемчиликтери менен каталары жөнөкөй жарандардын, жарандык активисттердин, журналисттердин, блоггерлердин жана бизнес түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн аракеттери менен толукталып жатты деп айтууга негиз берет. Бул пайда болгон кыйынчылыктарды коом өз алдынча чечкен биринчи учур эмес. Тарых көрсөткөндөй, мамлекетке жана калкка тышкы коркунучтар жаралганда элдин биримдиги арта түшөт.

Ушундан улам, биз Сизди, урматтуу Садыр Нургожоевич, мамлекет башчысы катары гана эмес, эл менен мамлекеттик бийликтин биримдигинин туюнтмасы катары улутту бириктирүү процесси боюнча демилге көтөрүп, жетектөөгө чакырабыз.

Бул оор мезгилдеги аткаруу бийлик органдарынын ишинин сапаты начар жана натыйжасы аз экенин эске алып, өкмөттүн ар бир мүчөсүнүн ал дайындалгандан берки аткарган иштерин, ошондой эле жалпы Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүн талдап, баа бериш керек деп эсептейбиз. Мамлекеттик башкаруудагы кадр саясаты, биздин оюбузча, системдик талдоону жана кайра карап чыгууну талап кылат, анткени жетиштүү тажрыйбасы жана квалификациясы бар, күчкө толуп турган жана өз өлкөсүнө кызмат кылууга умтулган, ошондой кылган ишинин сапатына жана натыйжасына жоопкерчиликтүү болгон адистер ишке тартылышы керек.

Улуттук коопсуздук тууралуу сөз кылып жатып, азыркы заманда мамлекетти сырткы жана ички коркунучтардан коргоонун маанилүү механизминин бири болуп маалыматтык коопсуздукту камсыздоо эсептелерин эске алышыбыз керек. Акыркы окуялар көрсөткөндөй, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуураак механизмин иштеп чыгуу зарыл. Бул мамлекеттик жана коомдук коопсуздукка тиешелүү маалыматтар менен өз убагында алмашуу маселелерине да тиешелүү.

Аны менен катар Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн окуяларда жарандык активисттердин, журналисттердин, блогерлердин жана ар кандай коммерциялык түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн баа жеткис ролун белгилегибиз келет. Алар куралдуу кагылыштан жапа чеккен жарандарга жардам жана колдоо көрсөтүү боюнча өлкө боюнча уюштурулган дээрлик бардык иш-чаралардын демилгечилери жана активдүү катышуучулары болушту. Ошондой эле алар калкты жана мамлекеттик түзүмдөрдү ушул күндөрү чек ара аймактарында болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматтар менен өз убагында камсыз кылып жатышты.

Ушуга байланыштуу биз жогоруда аталган бардык субъектилерге карата акыркы жылдары күч алган саясий негиздеги бардык куугунтукту токтотууга жана маалыматка жетүү кепилдиктери, бирикмелердин эркиндиги, сөз эркиндиги укуктары боюнча мамлекеттик саясатты кайра карап чыгууга чакырабыз.

Количество просмотров: 408